Легендарлуу Роналду 39 жашка толду

Автор

Португалия футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардири, улуттук команда деңгээлиндеги эң ийгиликтүү оюнчу, ошондой эле «Реал Мадрид» клубунун рекордсмени Криштиану Роналду 5-февралда 39 жашын белгиледи.
Ал карьерасында беш жолу “Алтын топ” сыйлыгына татыктуу болгон. Ошондой эле Криштиану Чемпиондор Лигасында 5, Премьер-Лигада 3, Ла Лигада 2, А Серияда 2 жеңишке ээ болгон. 2016-жылы улуттук курама команданын курамында Европа чемпионудугун жеңип алган.
Роналду “Спортинг Лиссабондун” оюнчусу. Форвард «Манчестер Юнайтед», «Реал Мадрид» жана Туриндик «Ювентус» клубдарында да ойногон. Учурда Криштиану Сауд Аравиянын «Аль-Наср» клубунда ойнойт. 2023/24-сезондо ал Сауд Арабия чемпионатында 18 беттеш өткөрүп, 20 гол жана 9 ассисттин автору болгон.
Анын клуб менен келишими 2025-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда өкмөт отставкага кетти

Казакстан президенти Касым Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Өкмөт башчы Алихан Смаиловдун ордун эми жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин вице-премьер-министр Роман Скляр убактылуу жетектеп турат. Казак өкмөтү туурунан эмне үчүн кулаганы айтылган жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн