Легендарлуу советтик футболист Лев Яшин эң таасирдүү футболчулардын тизмесине кирди. Рейтингди авторитеттүү FourFourTwo порталы түзгөн.
Жалпысынан эксперттер футбол тарыхындагы эң таасирдүү 50 оюнчунун тизмесин көрсөтүштү. Алар орду боюнча эмес, алфавиттик тартипте жайгаштырылган.
Бул тизмеге Яшинден тышкары бразилиялык Пеле менен Неймар, аргентиналык Лионель Месси, португалиялык Криштиану Роналду, француздар Зинедин Зидан жана Тьерри Анри, ошондой эле англиялык Дэвид Бекхэм менен Жейми Варди кирген. Испаниялык дагы бар – Андрес Иньеста.
Эске сала кетсек, Яшин футбол тарыхында 60 жылдан бери «Алтын топту» алган жалгыз дарбазачы. Ал 1963-жылы абройлуу кубоктун ээси болгон.