Ламин Ямал Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң жаш гол киргизген оюнчу аталды

Автор

Испания курама командасынын оюнчусу Ламин Ямал Франция курамасына каршы беттеште гол киргизип, Европа чемпионаттарынын тарыхында эң жаш гол киргизген оюнчу болуп к

алды.
Испаниялык футболчу Евро-2024 жарым финалдык беттешинин 21-мүнөтүндө гол киргизди. Беттеш болгон күнү Ямал 16 жаш 362 күнгө толду.
Испаниялык футболчу 18 жаш 141 күндүк курагында Евро-2004до Франциянын дарбазасына гол киргизген швейцариялык Йохан Вонлантендин жетишкендигин ашып кетти.
Буга чейин Ямал Европа чемпионатынын матчына катышкан жаш футболчу болуп калган. Топтук этаптын биринчи айлампасында Хорватиянын курама командасы менен беттешкен күнү (3:0) ал 16 жаш 338 күн болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

11-июлда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн