Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды

Автор

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасы аркылуу Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча комментарий берди.
Ал президенттин инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктаган.
«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат»,-деп жазды ал.
Эске салсак, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 10-июль саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 70 тыйын болсо, сатуу 86 сом 60 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн