Лаззат Нургожоеванын жигити 3-декабрга чейин камакта калды

Автор

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 3-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май раоондук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, анын агасы Тариэл Сабырбековдун да абактагы мөөнөтү узартылган.
Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.
Эске салсак, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш – чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "Лейлек килемдери – 2024" фестиваль-жарманкеси башталды

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Лейлек килемдери – 2024” аттуу фестиваль-жарманкесини башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты. Гүлбара Абдыкалыкова өз […]

Сизге жагышы мүмкүн