Лавров: Талибан Афганистандагы чыныгы бийлик

Автор

“Талибан” кыймылын Россияда тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу демилгеси анын Афганистанда реалдуу күчкө ээ болгондугуна байланыштуу экенин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
«Алар чыныгы бийлик. Афганистан бизге кайдыгер эмес. Ал эми биздин союздаштарга, өзгөчө Борбор Азиядагы өлкөлөргө кайдыгер эмес. Демек, бул процесс реалдуулукту түшүнүүнү чагылдырат»,-деди Лавров.
Ошондой эле министр БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдерди террордук уюм деп жарыялабаганын белгиледи.
27-майда эки мекеме өз позициясын президент Владимир Путинге билдиргени белгилүү болду. Россия Афганистандын бийлигин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Талибан Россияда 2003-жылдын мартынан бери Жогорку Соттун чечими менен террорчу деп таанылган.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖОЖдун улуттук рейтинги: «Ала-Тоо» Эл аралык университети экинчи орунга чыкты

Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлардын улуттук рейтинги чыкты. Бул тууралуу Билим берүү тармагындагы сапатты камсыздоо боюнча DNET агенттиги жарыялады. Маалыматка ылайык, ЖОЖдордун улуттук рейтинги – бул Жогорку окуу жайлардын көрсөткөн билим берүү кызматына, анын окутуучуларынын авторитетинин деңгээлине, программаларынын сапатына жана бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө баа берүү жана […]

Сизге жагышы мүмкүн