Лавров Россия Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Автор

Москва украиналык аскерий жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча толук кандуу сүйлөшүүлөргө даяр, бирок реалдуулукту эске алуу менен.  Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
“Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз, бирок азыр жер бетинде түзүлгөн реалдуулуктарды эске алуу жана биздин позициябызды эске алуу менен сүйлөшүүгө даярбыз, бул бардыгына белгилүү, биздин кызыкчылыктарды, биздин коопсуздугубузду эске алуу менен”,-деди.  Лавров Россия Федерациясынын жетекчилиги үчүн «Россиянын чек араларында душмандык фашисттик режимди түзүүгө жол бербөө үчүн» бардыгын жасоо маанилүү экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. КР билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги КР Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн