Лавров: Россия менен Кытай терроризмге каршы күрөштө кызматташууну улантат

Автор

Лавров: Россия менен Кытай терроризмге каршы күрөштө кызматташууну улантат
Кытайда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды.
Лавров мырза Крокус Сити Холлдогу терактка байланыштуу көңүл айтканы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Россия менен Кытай терроризмге каршы күрөштө кызматташууну уланта турганын баса белгиледи.
Сергей Лавров ошондой эле кытайлык кесиптешине Россиядагы президенттик шайлоо маалында орус шаарларын аткылоо күчөгөнү жана хакерлердин шайлоо системасына кол салуу аракеттери тууралуу айтып берди. «Бирок добуш берүү ийгиликтүү өттү, россиялык шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө эч нерсе тоскоол болгон жок. Биз сиздерге байкоочуларыңызды жиберген үчүн ыраазычылык билдиребиз»,-деп кошумчалады ал.
Ван И өз кезегинде Кытайдын атынан Владимир Путиндин Россиянын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады. «Россиянын дос коңшусу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү катары биз президент Путиндин жетекчилиги астында Россиянын туруктуу өнүгүүсүн жана кайра жаралуусун чечкиндүү түрдө колдойбуз»,-деди ал.
Сергей Лавров Кытайга 8-апрель күнү эртең менен 2024-жылга белгиленген Пекиндеги орус-кытай саммитинин алдында барды.

Бөлүшүү:
Next Post

Каратечи чиновник депутаттыка аттанды

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуучулардын саны арбыды. Айрыкча, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоодо үч талапкер ортосунда кырчылдашкан күрөш жүрөөрү божомолдонууда. Алар Нурбек, Айбек Осмоновдордун жакын тууганы делген Ильич Эргешов, Ош шаардык Кеңешинин учурдагы депутаты Бекболот Арзибаев жана Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын директору Бекмурза Эргешовдор. Бирок, азыртан эле […]

Сизге жагышы мүмкүн