Лавров Россияга жакын беш өлкөнү атады

Автор

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2023-жылдагы орус дипломатиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Россиянын “жакын чөйрөсүнө” кирген өлкөлөр БАЭ, Түркия, Иран, Катар жана Сауд Арабия экенин атады.
«Эгер биз жакын чөйрөбүз жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда булар Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрү – Иран, Түркия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар»,-деди Лавров. Мындан тышкары Россиянын Кытай менен болгон мамилесине токтолуп, көп кылымдык тарыхындагы эң жакшы мезгилди башынан өткөрүп жатканын айтты. Министрдин айтымында Индия менен да өзгөчө артыкчылыктуу, стратегиялык кызматташтык өнүгүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алданып калбайын десең, абайла!

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги төмөндөгү курулуш компаниялардан батир албай турууну эскертип, учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күнү Бишкек шаарында 38 курулган жана курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар бар. Алар төмөнкүлөр: 1. Чуйков көчөсү 32. Көп кабаттуу турак жай. ОсОО “Элит Хаус” 2. Власова көчөсү 59. […]

Сизге жагышы мүмкүн