Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кытайга сапарын баштады. Ал Пекинге келди. Ал “Бир алкак, бир жол” эл аралык форумуна катышат. Форумдун алкагында анын кытайлык кесиптеши Ван И менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова буга чейин билдирген. Сапар 18-октябрда аяктары күтүлүүдө.
Форумга Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусу пландалууда. Анын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жекеме-жеке жолугушуусу пландаштырылган.