Лавров Батыштын алыска атуучу ракета чечимине оюн билдирди

Автор

Батыш Киевге узак аралыкка атуучу куралдарды колдонууга чектөөлөрдү алып салган. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
«Бизде РФ аймагына узак аралыкка атуучу куралдарды колдонууга чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынганына эч кандай шек жок. Азыр аны коомдо бир аз кооздоп, жылмалагандай кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат»,-деп айтты ал Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тегерек стол учурунда.
Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмминин Киевге жасаган сапарын «инсценировка» деп атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кайсы агенттиктерге чет өлкөлөргө ишке орноштурууга тыюу салынды? Тизме

Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” жобонун ченемдеринин […]

Сизге жагышы мүмкүн