Германияда Йылдырым Севиндик аттуу түрк маалымат борборуна айланды. Ал Звайбург шаарынан 2022-жылы 100 метрлик көчө сатып алды. Быйыл 18-апрель күнү кошуналарына кат жолдоп, “үйүңүзгө же, авто паркыңызга жетиш үчүн мени менен келишим түзүп, жолго акча төлөшүңүз керек, мага email аркылуу байланышка чыгыңыз”,-деген катын жолдогон. Бул окуядан улам көчөдө жашагандар мэрияга кайрылышканда, жетекчилер экономикалык тартыштыктан улам сатылып кеткенин кабарлашкан. Йылдырым Севиндик 3-майга чейин мөөнөт тааныды. Келишим түзбөгөн кошуналары үчүн жолду жаап саларын билдирген.