Көрүстөндөн курал-жарактар сакталган жай табылды

Автор

Аламүдүн районунун аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган, ошондой эле бир катар буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, маркум криминалдык авторитет К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылды.

«Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан, көрүстөндүн аймагындагы жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган. Табылган баштыкты текрерүү учурунда, ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган курал-жарак кампасына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган келишимдик жана бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдө пайдалануу болгондугу боюнча керектүү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Сапаттын үч окуучусу АКШнын престиждүү окуу жайларына грант утту

Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин үч окуучусу АКШнын престиждүү университеттерине 70% жеңилдик менен окууга өттү. Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Мустафа Садыров АКШнын Saint Louis University окуу жайына 37 миң АКШ долларында грант утуп алган. Дагы бир окуучу Эрболот Атабеков Dequesne University окуу жайына 70%дык жеңилдик алган. Montana State […]

Сизге жагышы мүмкүн