Көрүнүктүү хирург Мамбет Мамакеев дүйнөдөн кайтты

Автор

Көрүнүктүү хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Мамбет Мамакеев 1927-жылдын 1-октябрында төрөлгөн. Ал хирургия тармагында 67 жылдан ашык эмгектенгендиктен Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында госпиталь хирургия кафедрасын жетектеген.
250дөн ашык илимий эмгектин автору. Ондогон илимдин докторлорун жана кандидаттарын тарбиялап чыккан. “Манас” ордени жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн