“Тамакты аз ичкендин докторго, түз жүргөндүн милицияга иши түшпөйт” дешет. Дүйнөлүк илимпоздор ач калуунун өмүрдү узатаарын, токтук өлүмгө жакындатаарын изилдеп чыгышкан. Мындан улам ооруган адамдар “суу диетасы” аркылуу ден соолуктарын чыңдап жатышат. Сиз дагы эрте картаюуну же, тез эле ооруга чалдыгууну каалабасаңыз ашказаныңызды дайыма бош алып жүрүңүз.
– Денеде майдын ээриши тездейт.
– Ашказан жана ичегилер эс алат.
– Эс тутум күчтөнөт.
– Териде жандануу процесси башталат.
– Иммундук система жакшырат.
– Өмүр узарат.
– Жүрөк тынч алат.
– Клеткалар жаңыланат.
– Карылык кечеңдейт.
– Альцгеймер оорусун алдын алат.
– Денени күтүлбөгөн нерселерге даярдайт.
– Шекер оорусуна болгон рискти азайтат.
-Рак ооруларын алдын алат.