Көпүрө урап, унаалар сууга кулады

Автор

АКШнын Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында көпүрө урап, бир нече унаа сууга кулап түшкөнүн WTOP радиостанциясы билдирди.
Маалыматтарга караганда Мэриленд штатынын Балтимор шаарындагы Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүнүн бир бөлүгү чоң кеме сүзүп урады. Анда өткөн бир нече унаа Патапско суусуна түштү. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы, суучулдар жана куткаруучулардан турган топ келгени белгиленүүдө. Кеминде жети адам сууда болушу мүмкүн экени болжолдонууда. Кыйраган учурда көпүрөдө канча унаа болгону азырынча белгисиз экени, бирок чиркегичи бар жүк ташуучу унаа болгондугу айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы этабы менен киргизилет

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы келерки окуу жылында этабы менен киргизиле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, интеграция акырындык менен болот: “Балдарга ашыкча жүк болбошу үчүн бул системаны акырындык менен киргизебиз. Бул боюнча биз көп жылдардан бери иштеп келе жатабыз. Бул бир […]

Сизге жагышы мүмкүн