Көпүрө бир түндө калыбына келди

Автор

Заречная айылындагы көпүрө бир түндө оңдолуп бүттү. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Заречная айылындагы жашоочулар менен жолугушканда алар көпүрө көп жылдардан бери оңдолбой жатканына нааразы болушкан. Камчыбек Ташиев транспорт министри Абсатар Сыргабаевди сөгүп, бир түндө оңдоо милдетин жүктөдү. “Министр түнү менен ушул жерде түнөп, көпүрөнү оңдойт. Болбосо, мен аны менен сүйлөшөм”,- деген эле.
Белгилүү болгондой, кечээ көпүрө калыбына келип, унаалар өтө баштады. Көпүрөнүн узундугу 23, туурасы 13 метр болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Венгрия өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу […]

Сизге жагышы мүмкүн