Көптөгөн унаалар жүрчү жол урап, 20дан ашык адам көз жумду

Автор

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында өзгөчө кырдаал болду. Кытайдын борбордук телеберүүсү CCTV ал жерде унаалар тез жүрүүчү чоң жол кулап түшкөнүн билдирди.
Урандылардын астынан 20 унаа табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 24 адам көз жумду. 54ү жарадар болуп, 30у ооруканага жаткырылды.
Өзгөчө кырдаал болгон жерде издөө иштери уланууда. Автомашиналардын кыймылы токтотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

«Реал Мадрид» клубу 36-ирет Испания чемпиону болду

“Реал Мадрид” футбол клубу мөөнөтүнөн мурда Испаниянын 2023/2024-сезондун чемпиону болду “Реал” чемпиондукту “Барселона” Ла Лиганын 34-турунда “Жирона” менен конокто утулуп калгандан кийин (2:4) жеңип алды. Мадриддиктер өз кезегинде Кадисти 3:0 эсебинде утуп алды. Ошентип “Реал” мелдештин бүтөөрүнө төрт тур калганда жеңүүчү аталды. Мадриддик команда чемпиондукту 36-ирет жеңип алды. Эске салсак, […]

Сизге жагышы мүмкүн