Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Автор

25-октябрдан тарта Экономика жана соода министрлиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын 90 календардык күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди.

Аталган башкармалык мындай чечим көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди.

Маалым болгондой, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өкмөттүн 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтомуна ылайык иштеп, республиканын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын контекстинде көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Доллардын курсу өсүүдө. Улуттук банк эмне дейт?

Азыркы учурда ички валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү тенденцияларын, тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өнүгүүсүн улантууда. Бул тууралуу  Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы убакта биздин өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон сунуштан суроо-талаптын бир аз өсүшү байкалган, бул алмашуу курсунун […]

Сизге жагышы мүмкүн