Көлбаевдин туугандарына катталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна таандык Чолпон-Ата шаарындагы 1 гектар аянттагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.
Мындан улам УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 млн 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, атайын кызмат тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу иштери улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

5-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, […]

Сизге жагышы мүмкүн