Ысык-Көл облусунун Бактуу-Дөлөнөтү айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык I Дүйнө кубогу өтүп жатат.
Төмөндө 5 күндүк беттештердин жыйынтыгы боюнча турнирдик таблица:
Биринчи күн:
– «Алтай» (РФ) – «Екатеринбург» (РФ) – 5:0;
– «Жаштык» (КР) – «Алтын Альянс» (КР) – 3:2;
– «Ынтымак» (КР) – «Сары-Озон» (КР) – 5:1.
Экинчи күн:
– «Караганда» (РК) – «Екатеринбург» (РФ) – 2:0;
– «Алтын Альянс» (КР) – «Ийгилик» (КР) – 5:4;
– «Достук» (КР) – «Мурас» (КР) – 7:4;
– «Красноярск» (РФ) – «Москва» (РФ) – 6:2;
– «Өзбекстан» (Өзбекстан) – «Алтай» (РФ) – 8:1.
Үчүнчү күн:
– «Алтай» (РФ) – «Караганда» (РК) – 3-1;
– «Жаштык» (КР) – «Ийгилик» (КР) – 2:1;
– «Астана» (РК) – «Жетису» (РК) – 8:0;
– «Новосибирск» (РФ) – «Москва» (РФ) – 7:4;
– «АКШ» (АКШ) – «Алтай 2» (РФ) – 10:8.
Төртүнчү күн:
– «АКШ» (АКШ) – Өзбекстан (Өзбекстан) – 7:1.
Бешинчи күн:
– «Жаштык» (КР) – «Алтай» (РФ) – 10:8;
– «Красноярск» (РФ) – «Өзбекстан» (Өзбекстан) – 4:1.
Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча эл аралык турнир 13-августта башталып, анын ачылышына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан.
Мелдештер 7 күнгө созулуп, бардык беттештер Ысык-Көл облусунун Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ат майданда өтүүдө. Жабылуу аземи жана жеңүүчүлөргө байглерди тапшыруу 20-августка пландалган.