Көк-Арт ашуусундагы туннелдин курулушу декабрда аяктайт

Автор

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган туннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин узундугу 3 миң 890 метр, туурасы 10,5 жана айрым участоктордун кеңдиги 14 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө туннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери жыйынтыкталууда. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды коюу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Аэропорттун учуп-конуу тилкесинде жарылуу болду

Япониянын Миязаки префектурасындагы аэропортто жарылуу болду. Учуу-конуу тилкеси жабылып, каттамдар токтотулду. Nikkei агенттигинин маалыматына караганда жарылуунун үнү Миязаки аэропортунун аймагында тастыкталды. Толук маалыматтар белгисиз. Жарылуу 2-октябрь күнү таңкы саат 8:10 чамасында болуп, жол бузулуп, бетинде аянты болжол менен жети чарчы метрди түзгөн тешик пайда болгон. Жабыркагандар жөнүндө маалымат түшкөн жок. […]

Сизге жагышы мүмкүн