Беларус парламентинин төмөнкү Өкүлдөр палатасы укук коргоо органдарына каза болгондорго кылмыш ишин козгоого уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.
Ага ылайык, каза болгон адамдарга карата эскирүү мөөнөтү жок кылмыштар боюнча, мисалы, агрессивдүү согушту даярдоо же жүргүзүү, терроризм, геноцид боюнча иш козгосо болот.
Сотто каза болгон адамдын кызыкчылыгын жакындары коргой алат. Бул үчүн алар арыз бериши керек болот. Туугандары процесске катышуудан баш тартууну чечкен же табылбай калган учурда айыпталуучунун кызыкчылыгын жактоочу коргойт.
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр Башкы прокуратура тарабынан даярдалган.
Мыйзам президент Александр Лукашенко кол койгондон кийин күчүнө кирет.