Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Мыйзам долбоордун негиздемесинде, кыйынчылыкка кабылган жарандарды көзү ачыктар алдап, «көйгөйүн чечип берем» деп ишендирип, көз боемочулук кылышат делген.
Ушундан улам депутат көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салынышын көздөп жатат.