Кечээ башкы прокурордук кызматынан алынган Курманкул Зулушев Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болушу мүмкүн.
Мындай маалымат коомчулуктун талкуусуна айланды. Элчи Гүлнара Клара-Самат 27-май күнү бул кызматтан кеткен эле. Бирок, анын кетүү себеби айтылган эмес. Учурда коомчулук Курманкул Зулушев боюнча оң жана терс пикирлерин билдирип жатышат. Маданият өкүлдөрү аны таза, чыныгы мекенчил, кесипкөй катары баалашса, айрым саясатчылар прокуратура тармагында башаламандыкты жаратып, негизсиз кылмыш иштерди козгогонун билдиришүүдө.