Күч бирдикте! 300 байкер Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат

Автор

Бишкекте 300 байкер заманбап аранжировкадагы Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 27-апрелде борбордук «Ала-Тоо» аянтында саат 15.00дөн 16.30га чейин болуп өтөт. “Ала-Тоо” борбордук аянтында “Билим Айтыш” долбоорунун жаш манасчылары Манастан баян айтып, салтанатты ачып берет.
«Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт. Кызыктуу этно оюндар, мелдештер уюштурулуп, кыргыздын темир тулпарчан көк жалдары каалоочуларды тулпарларында ойнотот»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2 чакырымга созулган мотожүрүш Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспектиси (Жүрүш Түштүк магистраль), Чыңгыз Айтматов, Манас, Чүй проспектилери жана 7-Апрель көчөсүнөн өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

1,7 миңден ашык үйдү суу каптады

Түндүк Казакстанда, Петропавловск шаарындагы суу ташкынынын абалы тууралуу маалымат берилди. Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришкендей, кырдаал ырааттуу оор бойдон калууда. Сергеевское суу сактагычы 153 пайызга толду. «Есиль дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Жалпысынан облус боюнча 1713 үйдү, борбору Петропавловск шаарында 1050 үйдү суу каптаган. 4552 адам эвакуацияланса, анын 957си балдар. […]

Сизге жагышы мүмкүн