Сербиянын Белград шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын кыз-келиндер курөшү боюнча катыша турган спортчулардын тизмеси белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 25-сентябрга чейин Белград шаарында өтөт. Анда “Париж 2024” Олимпиадасына алгачкы жолдомолор ойнотулат.
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курамынын тизмеси:
57 кг: Калмира Билимбек кызы
62 кг: Айсулуу Тыныбекова
68 кг: Мээрим Жуманазарова
72 кг: Нурзат Нуртаева
76 кг: Айпери Медет кызы