Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин күнөөсү далилденсе, УКМК ага токтоосуз түрдө кылмыш ишин козгойт. Мындай маалыматты аталган ведомствонун төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Бирок ал, депутаттык комиссия министрдин үстүнөн айтылган дооматтарга далил тапкан болсо, мыйзам алдында жоопко тартылаарын, УКМК бардык чиновниктердин үстүнөн керектүү териштирүүлөрдү жүргүзүп койгонун маалымдады.