Күнүнө канча кадам басыш керек?

Автор

Күнүмдүк норма – 10 000 кадам  адамдын денесин чыңдоого жардам берет деп жалпы кабыл алынган. Бирок Nature Medicine журналында жарыяланган акыркы изилдөө башка изилдөөнү сунуштап жатат.

Экспериментке дене массасынын индекси 24,3 (ден соолугу чың) жана  32,9 (толук) 41 жаштан 67 жашка чейинки адамдар катышкан. Алар күнүнө кеминде 10 саат бою активдүүлүккө байкоо салуучу аппараттарды тагынышкан жана изилдөөчүлөр бир нече жыл бою алардын ден соолугуна байланыштуу маалыматты талдап чыгышкан.

Натыйжалар күнүнө төрт миль (болжол менен 8200 кадам) баскан адамдарда семирүү же кислота рефлюкс, уйку жана депрессия сыяктуу ооруларга чалдыгуу коркунучу аз экенин көрсөттү.

Ошентип, 10 000 кадам жасаштын кереги жок, эң негизгиси алардын кеминде 8200 болушу керек. Окумуштуулар күн сайын 30-60 мүнөт басуу калорияларды күйгүзүп, дененин майын азайтууга гана жардам бербейт. Ошондой эле маанайды жакшыртат жана энергиянын деңгээлин жогорулатат деп кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Панда дипломатиясы: Кытай АКШдагы аюуларды алып кеткени жатат

АКШнын зоопарктарында жашаган атактуу пандаларды мекени Кытайга алып кетишет.  Буга эки тарап тең саясий пикир келишпестиктердин таасири болуп жатканын четке кагууда.  Бирок,  коомчулук бул маселе экенине ишенет. Вашингтондогу Улуттук зоопаркта жашаган гигант пандалар коомчулуктун негизги сүйүүчүлөрү.  Адамдар алардын  сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды жана магниттерди көп  сатып алышат.  Пандалар жашаган короодо алардын […]

Сизге жагышы мүмкүн