Күндүн тутулушун миллиондогон адамдар байкашкан

Автор

Мексикада, АКШда жана Канадада, ошондой эле Тынч жана Атлантика океандарынын кээ бир аралдарынан Күндүн толук тутулуусу байкалган. Кийинки толук тутулуу 2026-жылдын 12-августунда болот жана Түндүк жарым шардын чоң аймактарын камтыйт.
Күндүн толук тутулушун Түндүк Америкада миллиондогон адамдар байкашкан. Мексиканын Масатлан ​​шаарында бул уникалдуу кубулушту биринчилерден болуп тургундар жана туристтер көрүштү. Ай күндү толугу менен каптап, төрт мүнөт бою асман караңгыланды.
Жарым-жартылай фазалар Түндүк жана Түштүк Американын, Борбордук Американын жана Батыш Европанын өлкөлөрүндө жайгашкандар үчүн жеткиликтүү болгон. Күндүн толук тутулуусу изилдөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, атап айтканда, бул кубулуштун ионосферага тийгизген таасирин жана мүмкүн болгон бузулууларды изилдөөгө болот.
Кийинки толук тутулуу 2026-жылдын 12-августунда болот жана түндүк жарым шардын чоң аймактарын камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандын премьер-министри Бишкекке келди

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов бүгүн, 9-апрелде иш сапары менен Кыргызстанга келди. Мш сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жана өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болот. Белгилей кетсек, бул анын премьер-министр кызматындагы Кыргызстанга болгон алгачкы сапары Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн