Күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке кирди

Автор

Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы 1-октябрдан тарта расмий ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалга молекулярдык маркерлер колдонулат. Ал эми жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат.
Молекулярдык маркер күйүүчү майдын структурасына кирип, жуулуп кетпейт. Бул системаны ишке киргизүү күйүүчү-майлоочу материалдын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюп, рынокто күйүүчү майдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ливанда гуманитардык кырдаал кооптуу деңгээлге жетти

Ливанда убактылуу өкмөттүн социалдык иштер министри Хектор Хаджар өлкөдө гуманитардык абал кырсыктын чегине жеткенин билдирди. “Ливандагы гуманитардык кырдаал кооптуу сыноого туш болду. Өкмөт бардык кыйынчылыктарга карабастан, колдон келген аракеттерин көрүүдө”,-деди Хаджар. Министр жардам көрсөтүүдө бир миллионго жакын качкындардын агымы чоң тоскоолдуктарды жаратып жатканын белгиледи. “Сириялык качкындардын лагерлерин таштап, борбордук райондорго […]

Сизге жагышы мүмкүн