Кышында электр энергиясына өчүрүүлөр болобу? Министрдин жообу

Автор

Кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, бирок траснформаторлорго ашыкча жүк келтирбөө максатында жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, жөнгө салуу иштеринин учурунда бир суткада электр жарыгы жарым сааттан бир саатка чейин өчүрүлүшү мүмкүн.
“Эгерде жөнгө салуу иштерин жүргүзбөй турган болсок, трансформаторлорго күч келип, иштен чыгып, электр энергиясы бир нече суткага чейин өчүп калуу коркунучу жаралат”, — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы директору дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Улан Карыпбеков Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады. Ал эми Рустам Жокоевдин кызматтан бошотулганы тууралуу маалымат бүгүн, 1-октябрда жарыяланды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн