Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ААКга барды. Ал Токтогул ГЭСинин агрегатынын жана Камбар-Ата ГЭС-1 дин реконструкциясы менен таанышты. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 дин жол курулушун жана казылып жаткан тоннелин көрдү. Жыйынтыгында, курулуштарды тездетүүнүнү жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.