Кытай бийлиги Россия жана дагы 53 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз транзит мөөнөтүн 240 саатка (он күн) чейин узартты. Жаңы өзгөртүүлөр 17-декабрдан тарта күчүнө кирди деп билдирди КЭРдин Мамлекеттик миграция башкармалыгы. Буга чейин россиялыктар чек арадан кирген пунктуна жараша 72 сааттан 144 саатка чейин визасыз транзит мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Россиядан Кытайга 24 кытай административдик аймагы аркылуу кирүүгө болот. Мындан тышкары, транзит 40 европалык жана алты азиялык өлкөдөн, Түндүк жана Түштүк Американын алты өлкөсүнөн, Австралия жана Жаңы Зеландиядан мүмкүн.