Кытай бийлиги чет элдик жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү боюнча аракеттердин алкагында 29 өлкөнүн, анын ичинде Франция менен Германиянын жарандары үчүн бир тараптуу визасыз режим киргизди. Бул тууралуу жума күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин өкүлү Тун Сюэцзюнь маалымдады.
2023-жылдын ноябрь айында министрлик 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Франция, Германия, Италия, Нидерланддар, Испания жана Малайзия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандык паспортторунун ээлери үчүн бир тараптуу визасыз режим киргизиле турганын жарыялаган.
Бул саясатка ылайык, аталган категориядагы адамдар Кытайга алдын ала виза ачтырбай эле кире алышат. Өлкөдө 15 күнгө чейин жүрүүгө укуктуу. Бул мөөнөт ишкердик же туристтик максатта, туугандарын зыярат кылуу же транзит аркылуу өтүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Кытай бул саясаттын сыноо мөөнөтүн бир нече этапка кеңейтти.