Кытай Өзбекстанда 4,4 миллиард долларга күн жана шамал станциясын курат

Автор

Өзбекстан Кытай менен жалпы кубаттуулугу 4,8 ГВт болгон 4,4 миллиард долларлык 11 күн жана шамал электр станциясын куруу боюнча макулдашты.
Мындай макулдашуулар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жакында болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилди. Анда Өзбекстанда күн, шамал жана гидроэлектрстанцияларды куруу, фотоэлектрдик панелдерди, электр жабдууларын, трансформаторлорду, аккумуляторлорду чыгаруу, ошондой эле башкарууну санариптештирүү жана адистерди даярдоо каралган.
Сапардын жыйынтыгында 41 документке кол коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайсы депутат Башпрокурордун кабылдамасында 3 саат күткөн?

“Башкы прокурордун кабылдамасында кире албай 3 саат кайсы депутат күткөнүн билебиз. Калп эле коркпогон киши болуп көрүнө бербегилечи”,- деди депутат Шайлообек Атазов Адилет министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда. Аталган депутат мыйзам долбоорун артка кайтаруу демилгесин көтөрүп, “прокуратура коркутуп, үркүтө берсе эле кабыл алып беребизби”,-деген эле. Сөз алган депутат Эмил […]

Сизге жагышы мүмкүн