Кытай Швейцариядагы тынчтык конференциясына катышпайт

Автор

Кытай бийликтери Украина боюнча июнь айында Швейцарияда өтө турган тынчтык конференциясына барбай турганын ырасташты. Бул тууралуу Reuters жазды. Пекин чакыруудан баш тартты. Ага иш-чарага катышуу шарттары аткарылбаганы себеп болду.
Саммит Швейцариянын Бургенсток шаарында 15-16-июнда өтөт. Ага 160 өлкөдөн жана эл аралык бирикмелерден делегациялар чакырылган, бирок, Москва чакыруу алган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору белгилеген мөөнөттө ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда ысык суу берүү үчүн даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бишкек шаарынын ЖЭБинде ысык суу өчүрүлгөн учурдан тартып кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды: […]

Сизге жагышы мүмкүн