Кытай Швейцариядагы саммитке катышуудан баш тартканын түшүндүрдү

Автор

Кытай июнь айынын ортосунда Швейцарияда өтө турган Украина боюнча тынчтык саммитине катышпайт. Анын себептерин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин айтып берди.
Анын айтымында, Пекин кытай тараптын шарттарын аткарбагандыктан катышуудан баш тарткан.
Кытай Россияны жолугушууга чакырып, бардык тараптардын бирдей катышуусун жана бардык тынчтык пландарын адилет талкуулоону камсыз кылуу керек деп эсептейт.
Саммит Швейцариянын Бюргеншток шаарында 15-16-июнь күндөрү өтөт. Ага Россия чакырылган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

4-июнда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 4-июнда күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28 Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24 […]

Сизге жагышы мүмкүн