Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын ССТV телерадиокомпаниясына кытай тилинде маек берип, дүйнө элин таңдантты. Ал “Казак-Кытай” мамилесине токтолуп, “эки элдин ортосунда 1.700 км аралык болсо да, карым катнаш жогорку денгээлде өнүгүп жатат”,- деген. Кытай журналисттин “керемет кытайчаңыз бар экен, кытай адабияты менен тааныштыгыңыз барбы?” – деген суроосуна акын Лу Синь жөнүндө жооп берип, анын ырларын дүйнөлүк поэзия сүйүүчүлөр баалайт деген. Казак президент Кытай тамактарынан ачуу лагманды жана Пекин өрдөгүн сагынганын айткан.