Кытай тарап ШКУнун кеңейүүсүнө салым кошууга даяр экенин билдирди

Автор

Кытай өзүнүн төрагалыгы учурунда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өнүгүүсүнө жана кеңейишине көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу КЭРдин Тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун ШКУдагы Кытайдын ротациялык төрагалыгына арналган брифингде айтты.
“Кытай Биз шанхай духун, БУУнун Уставынын принциптерин жана эрежелерин урматтаган жана колдогон жаңы өнөктөштөрдү кабыл алууга кубанычтабыз. Эл аралык адилеттүүлүк, тынчтык жана өнүгүү үчүн ШКУнун бирдиктүү коомчулугун биргелешип түзүү маанилүү”,-деди ал.
Обочолондуруу тобокелдиктери жана кийлигишүү аракеттери шартында ШКУ комплекстүү жана туруктуу коопсуздуктун негиздерин коргошу керектигин баса белгилеп “Чыныгы коопсуздук бардык өлкөлөр коопсуз болгондо гана мүмкүн”,-деп кошумчалады ал.
2023-жылдын июль айында Астанада өткөн саммиттен кийин Кытай ШКУдагы ротациялык төрагалыкты 2024-2025-жылдарга алган. 2025-жылы уюмдун саммитин өткөрүүнү пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Кыргызстанда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз! – арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; – турак үй жайгашкан жерде жаан суулары […]

Сизге жагышы мүмкүн