Кытай тарап Зеленскийдин сынына жооп кайтарды

Автор

Кытай Украинадагы кризисти саясий жөнгө салууда тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдырууну жана конструктивдүү роль ойноону улантат. Бул пикирин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Владимир Зеленскийдин “Кытай менен Бразилиянын Украинадагы кризисти саясий жөнгө салуу боюнча консенсуска” карата сын-пикирлерине жооп иретинде айтты.
“Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Кытай менен Бразилия “Алты пункттан турган консенсусту” учурдагы кырдаалды жеңилдетүү үчүн алдыга жылдырган,”-деди Мао Нин.
Ал консенсус кырдаалды басаңдатуунун “үч принципти” сактоонун зарылдыгын баса белгилеп жатканын айтты. Анда согуш майданынын кеңейишине, аскердик аракеттердин күчөшүнө жана провокацияларга жол бербөө каралган.
Владимир Зеленский Кытай менен Бразилиянын сунушу деструктивдүү жана бул жөн гана саясий билдирүү экенин айткан. Ошондой эле ал, Кытай менен Бразилия тынчтык демилгелерин сунуштап жатканда Киевден эч нерсе сурабай эле кантип сунуш кылышы мүмкүн экенин белгилеген.
Кытай менен Бразилия быйыл май айында Украинадагы кризисти саясий жөнгө салуу боюнча алты пункттан турган консенсусту биргелешип жарыялаган. Ага 100дөн ашык өлкө оң баасын берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте шаардык ишембилик өтүүдө

Бүгүн, 14-сентябрда борбор калаада жалпы шаардык ишембилик өтүүдө. Бишкек мэриясы бардык жарандарды көчөлөрдү, короолорду, сейил бактарды тазалоого чакырат. Муниципалитеттен иш-чара 15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлүп жатканын ушул күнү дээрлик бардыгы ишембиликке чыгышарын маалымдады. “Ишембиликте бөлүнгөн жана чектеш аймактардагы ирригациялык тармактарды, чарбакер субъекттердин, үйлөрдүн жанындагы жана жанаша аймактарын, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн