Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларды баштады

Автор

“Кытай негизги портторду жана райондорду тосуу жана көзөмөлгө алуу боюнча машыгуу өткөрүүнү көздөп жатат”,-деп билдирди Кытай армиясынын Чыгыш аскердик командачылыгынын расмий өкүлү Ли Си.
Ли Си машыгуулар учурунда кемелер жана учактар Тайванга ар кандай багыттардан жакындап, ар түрдүү сокку күчтөрү менен биргелешкен чабуул жасоо боюнча маневрлерди жүргүзө турганын билдирди.
«Бул машыгуулар Тайвань көз карандысыздыгын көздөгөн сепаратисттик күчтөргө катуу эскертүү болуп, улуттук суверенитетти коргоо жана мамлекеттик биримдикти сактоо үчүн адилет жана зарыл кадам болуп саналат»,-деп билдирди Ли Си.
Тайвань администрациясы Кытайдын машыгууларын «ачык провокация» деп атады.
Тайвань 1949-жылдан бери өзүнүн администрациясы менен башкарылып келет. Кытай бул аралды өз аймагы деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Ар бир адам өзүнө ишениши керек

Өзүн сүйбөгөн, өзүнө ишенбеген, улам бийиктикке көтөрүлүүгө умтулбаган адам жок болсо керек. Баардыгы өзүнө ишенет жана бул ишенимди өзүндө сактап калуу үчүн күч-кубат алууну каалайт экен. Индиядагы окуучулар аларга сабак берген акылман гурунун алдына гүлдөр жана мөмөлөр менен келишти. Буга чейин эле көп белектер бар болчу жана шакирти чакырган гуру […]

Сизге жагышы мүмкүн