Кытай, Россия, Иран жана башка бир катар мамлекеттер 15-19-март күндөрү Оман булуңунда “Деңиз коопсуздук алкагы-2023” аталышындагы биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт.
Министрлик бул машыгуулар Кытай, Россия жана Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам берип, деңиз коопсуздугун биргелешип сактоого жана жалпы келечекти курууга даярдыгын, жөндөмдүүлүгүн көрсөтөөрү баса белгиледи.