Кытай парламентинин жана анын жогорку саясий кеңешчи органынын март айында болгон жылдык жыйынында Си Цзиньпин согуш темасына кайрылды.
Ал генералдарынан “согушууга батынууну” суранганын Foreign Affairs басылмасы жазды.
Анын өкмөтү Кытайдын коргонуу бюджетин 7,2% пайызга көтөргөнүн жарыялады.
Акыркы айларда Пекин аскердик даярдык боюнча жаңы мыйзамдарды, Тайвань кысыгынын аркы өйүзүндөгү шаарлардагы баш калкалоочу жайларды жана өлкө боюнча жаңы Улуттук коргонуу мобилизация кеңселерин ачты.
Андан улам дүйнө жүзүндөгү саясат талдоочулар Си Цзиньпиндин сөзүн кабыл албай коюу акылсыздык болорун болжолдошту.