“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулушу августта башталат

Автор

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Жапаров “6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип, куруу үчүн үч өлкө макулдашууга кол койду. Долбоорду каржылоо маселеси да чечилди”,- деди.
Темир жол Торугарт, Арпа, Макмал жана Жалал-Абадты аралап өтүп, жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.
Эске салсак, Кыргызстан аркылуу өтүүчү линиясынын алгачкы баасы 5 млрд доллар деп божомолдонгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдар Абакиров: "3 жылда Кытай менен соода жүгүртүү көлөмү 6 миллиарддан 20 миллиард долларга көтөрүлгөн"

“Административдик территориялык реформаны мен колдойм. Кыргызстан 1990-жылдары 4 миллион элек, азыр 7 миллиондон аштык. Шаарлардын, алардын аймактарынын көбөйгөнү абдан жакшы болду. Анткени, тамак аш коопсуздугу үчүн айыл чарба жерлер айылдарда кеңейип бараткан. Биз болсо, шаарларга жыйылып, көбөйүп, көбөйгөнүбүз бул стратегиялык жактан жакшы чечим. Камбар-Ата 1 ГЭСинин жана “Кыргыз-Кытай-Өзбекстан” темир жол […]

Сизге жагышы мүмкүн