“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча алгачкы жыйын өттү

Автор

Бүгүн, 20-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, отурумда КР министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен долбоордук компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.
Белгилей кетсек, ведомстволор аралык комиссия – Кыргызстандын темир жолдор тармагын өнүктүрүү жана темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитет, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, ведомстволор аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жердин тургундары Толгон Айды көрүштү

20-августка караган түнү Жер тургундары сейрек кездешүүчү астрономиялык кубулушту көрө алышты. Жердин үстүндө 2024-жылдагы биринчи Супер Ай, же Толгон Ай көрүндү. Ал Гринвич убактысы боюнча 18:26да чыкканын NASA кабарлады. Бул окуя учурунда Ай 14 пайыз чоңураак жана 30 пайыз жаркырак көрүндү. Бул учурда Жер менен Айдын ортосундагы аралык 361,969 чакырымды […]

Сизге жагышы мүмкүн