Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо такталды

Автор

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Пекинде өттү. Бул документ “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экени жана проектти аяктоого бекем негиз болору белгиленди.
Анда темир жол Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.
Курулуш Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат деп күтүлүүдө. Муну менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланары айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 4216 диний уюм бар

Кыргызстанда 4216 диний уюм бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын орун басары Канатбек Мидин уулу билдирди. Ал депутат Улан Примовдун суроолоруна жооп берип жатып, коммиссиянын каттоосунда 4 216 диний уюм бар экендигин анын 3500ү мечиттер экендигин айтты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн