Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун расмий курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Элдик курултайда сөз сүйлөп жаткан президент Садыр Жапаров билдирди.
Президент бул жол чыгыш менен батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болуп, соода, туризм, өнөр жайдын өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат дейт.
“Биз бул долбоорго киришкенде ага ишенбегендер “бул жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болгон. Азыр ал ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар”, — деди президент.
Нурланбек Шакиев: “Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт”
Жум Дек 20 , 2024