Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргызстан кача каражат бөлөт?

Автор

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргыз Республикасы бюджеттен 11 миллиард сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги сунуштаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда айтылууда.
Документке ылайык, 2025-2027-жылдарга биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 2025-жылы 2 миллиард 418 миллион сом, 2026-жылы 4 миллиард 291 миллион сом, ал эми 2027-жылы — 4 млрд 374 млн.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда темир жол долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш келишимди 19-июнда ратификациялап, президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Сокулукта борбордук стадиондун курулушу башталды

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушу башталды. Аталган жайдын курулушуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев мезгил кутусун салды. Ташиев бул жерде футбол стадиону, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн