Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Автор

Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад облусунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу башталды. Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров катышса, Кытай менен Өзбекстандын президенттеринин кайрылуусу окулду.
Садыр Жапаров темир жолдун курулушу Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштырган жаңы көпүрө болорун айтты.
“Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдап, Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет. Улуу Жибек жолунунун тарыхый деми калыбына келет. Кыргызстандын аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Темир жолду куруунун бардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Кытай жана Европа өлкөлөрүнө жол ачылат. Тыгыз кызматташуунун негизинде темир жолду убагында куруп, ишке беребиз деп ишенем”,-деди президент.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун премьер-министрдин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, үч өлкө бул күнгө 30 жыл умтулганын белгиледи.
Долбоордун жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар болот. Анын тең жарымын 2 миллиард 332 миллион долларын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Бул сумманын 51пайызын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан чыгарат.
Темир жол “Кашкар-Торугарт-Макмал-Жалал-Абад-Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.
Кыргызстандын аймагында 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жол жүк жана жүргүнчү ташуучу милдетти аткара алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январга чейин каникулга чыгат

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» токтом долбоору кабыл алынды. Ага ылайык, 2025-жылдын 8-январынан тартып 10-январын кошуп алгандагы мезгил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн